Бишкектин кээ бир жеринде 26-апрель күнү 12 саатка суу өчөт

"Батыш" суу кампасында оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы 26-апрель күнү кээ бир аймактарда эртең мененки саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлө турганын эскертти.
Лев Толстой, Алыкулов, Горький (Пригородное айылы) көчөлөрү жана Ала-Арча дарыясы менен чектешкен аймактарда, Военный городок, Кызыл-Аскер конуштарында, 110-кварталда жана Достук кичи районунда суу берилбейт.
Бул күнү "Батыш" суу кампасында оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылат.
Бишкек мэриясы оңдоп жаткан жолдор менен тротуарлар