Пресс-борбор

Баткенде 30 ири инвестициялык долбоор ишке ашканы турат. Тармактар

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, инвесторлор Баткенде кургак сүт өндүрүүчү ишканадан тарта ГЭСке чейин курууга ниеттенип жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында жалпы суммасы 76 миллиард 435 миллион сомдук 30 ири инвестициялык долбоор ишке ашканы турат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин регионду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов билдирди.
Экономика жана коммерция министрлигинин регионду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Баткен облусунда инвесторлор жана тургундар үчүн жеңилдиктер" брифингине катышкан.
Долбоорлор:
Өнөр жай тармагына жалпы суммасы — 45 миллирад сом. Мунун ичинде ар бир райондо курулуш материалдарын өндүрүү жана алтын кенин иштетүү, тоо-металлургиялык комбинатын куруу сыяктуу долбоорлор бар.
Агроөнөр жай тармагы — 1,38 миллиард сом. Анын алкагында азык-түлүктү кайра иштетүү жана тамеки чыгаруу ишканалары ачылат.
Энергетика тармагы — 3, 9 миллиард сом. ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор каралган.
Ошондой эле 21,5 миллиард сомго соода-логистикалык борбор, мейманканаларды куруу жана Раззаков (Исфана) шаарынын аэропортун модернизациялоо пландалууда. Мындан тышкары, 4,8 миллиард сомго комплекстүү эки долбоор ишке ашат.
Учурда инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана андан ары ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Пресс-борбор
Баткенге берилген 50 млн. доллар эмнеге жумшалат. Министрликтин жообу