АКШ Борбор Азияны экинчи Ливия менен Иракка айлантышы мүмкүн. Эксперттин пикири

Марс Сариев АКШнын мамкатчысынын орун басарынын Бишкекке сапары боюнча пикирин билдирди
Sputnik
АКШнын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укугу боюнча орун басары Узра Зея Бишкекке келип, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жолугуп, экономикалык, техникалык кызматташуу жаатында жаңы келишим түзүүнү сунуштады.
Эске салсак, Бишкек менен Вашингтондун ортосунда мындай маанайдагы макулдашуу жок. 2015-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда АКШнын мамдепартаменти маркум Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" наамын ыйгарганы үчүн бир тараптуу түрдө келишимди жокко чыгарган. Аскаров 2010-жылы республиканын түштүгүндө адам өмүрүн алган улуттар аралык кагылышууда чатак отун жагууга күнөөлөнгөн болчу.
Зея ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев менен да жолуккан. Мындан сырткары, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий лидерлер, бизнес өкүлдөрү менен кездешип, укуктарды кеңейтүү жана аялдардын мүмкүнчүлүгүн жакшыртууну талкуулаган. Мурдараак мамдепартамент башчысынын орун басары Казакстан мамлекеттик катчысы Ерлан Карин, Алматынын башчысы Ерболат Досаевге жолуккан.
Сариев Sputnik радиосуна берген маегинде, АКШ мамкатчысынын орун басарынын сапары Россияны Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу боюнча Батыштын аракети менен байланыштуу экендигин айтты.
"Анын сапарынын алдында Россияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу боюнча добуш берүүнү байкап турдук, ал учурда Борбор Азия республикалары кызыктуу позицияларды ээледи.  Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан каршы добушун берди. Мен америкалык аткаминер айым Борбор Азия мамлекеттерин өз тарабына тартуу үчүн келди деп ойлойм. Анын сапары учурунда АКШ Украина маселеси боюнча нейтралдуу позицияны ээлегендер масштабдуу санкцияларга кабылышы мүмкүндүгүн айтты. Вашингтон аймактагы саясатка таасир этүүгө аракет жасап жатат", — деди Сариев.
Анын айтымына караганда, эми Борбор Азия мамлекеттеринин алдында өзүн-өзү тактап, аныктап алуу милдети турат.
"Нейтралитет позициясы аймактагы өлкөлөргө бардык жагынан жакшы болчу, бирок бүгүн ал аздык кылат. Биз эми ким менен болорубузду, Батыш же Россия экендигин так айтышыбыз керек. Украинадагы атайын операциялардын фонунда бул маселе өтө маанилүү болуп турат, нейтралдуу позицияны ээлөө да болбойт. Бул шарттарда Борбор Азия мамлекеттери бирдиктүү позицияны иштеп чыгыш үчүн бири-бири менен өз ара консультацияларды өткөрөт. Бул жерде Узра Зеянын сапары майнаптуу деле болбойт деп ойлойм. Кыргызстан жана башка Борбор Азия мамлекеттери Россиянын тарабында. Дегеле аймактын өзү Россия менен тыгыз кызматташуу вариантына ыктаган Кытай, Иран, Индиянын курчоосунда турат", — деп түшүндүрдү эксперт.
Мамилени бекемдөө аракети. АКШ Кыргызстанга жаңы келишим сунуштоодо
Ал Афганистандагы кооптуулукту жана Пакистандагы кырдаалды унутпаш керектигин эскертти.
"Премьер-министр Имран Хан менен болгон окуя кокусунан чыккан нерсе эмес, аны мамлекеттик төңкөрүш десек да болот. Өкмөт башчы жана анын саясаты Батышка жаккан эмес, Ханды Кремлге барып, Путин менен жолукканы үчүн алып түшүштү. Имран Хан Борбор Азиядагы дестабилизация планына, террордук топтордун Афганистан тарабынан киришине жолтоо болгон, эки айга жакын алардын аймакка киришин токтотуп турган.  Аны менен катар эле жаңы премьер-министр Шахбаз Шариф төрт ирет премьер-министрликти аркалаган, миллиардер Наваз Шарифтин кенже иниси. Ал учурда Лондондо жашайт, мекенинде коррупциялык иштери үчүн 10 жыл эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан. Тагыраагы, Батыштын эмне үчүн Борбор Азияда кооптуу оюнду жүргүзүүгө аракет кылып жатканы түшүнүктүү, региондун мамлекеттер жалгыздап туруу болбой тургандыгын түшүнүшү керек. Биз Россиянын, Кытайдын, Ирандын жана Индиянын жардамына таянышыбыз керек.  Бул кырдаалдын баарын эске алганда, Батыштын Борбор Азия мамлекеттерин өзүнө тартуу аракети жана Узра Зеянын сапары деле натыйжалуу болбойт деп эсептейм", — деген Сариев.
Ал АКШ менен келишимдин жок болушу кадыресе эле көрүнүш экендигин айткан.
"Биз мурдараак Кошмо Штаттар менен алака түзүп алсак болмок, бирок америкалыктар менен болгон бүгүнкү кырдаал бизге Батыш же Россия деген суроону кабыргасынан коюп жатат. Кыргызстан, Казакстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде Батышка лобби бар жана бир топ аткаминерлер аймакка АКШнын көмөгү керек деген пикирде. Бирок Батыштын саясаты кайда алып барарын эстен чыгарбаш керек. Алар менен кызматташуунун жыйынтыгында биз экинчи Ливия же Иракты алышыбыз мүмкүн. Негизи эле Борбор Азиянын АКШга өзүнчө оюнчу катары кереги жок, биз болгону Россияга көйгөй жаратып берүүдө колдоно турчу аянтчабыз. Америка менен жамааттык Батыштын максаты Борбор Азияда абалды туруксуздаштыруу жана Украинадагы атайын операцияга теңтайлаша турган "экинчи фронтту" түзүү. Бул, балким, аймакка "Аль-Каиданын"*, "Ислам мамлекетинин"*, ал тургай "Талибандын"** диверсиялык топторунун кирип келиши болор. Россиянын бардык аймактарында от жанып, анын кулап түшүүсү үчүн алгач Тажикстанда дестабилизация, ал бир аздан соң Борбор Азияга — Кыргызстанга, Өзбекстанга, Казакстанга, андан ары Башкыртстанга, Татарстанга, Түндүк Кавказга өтөт", — деп тактады саясат таануучу.
Ал Афганистан тараптан согушкерлердин кирип келиши мүмкүн деген божомолунун мөөнөтүн да айтты.
"Афган багытындагы активдешүү дестабилизация март-июнга пландалса да жай айларынын ортосунда кыймылга келе баштайт. "Талибан" бийликке Пакистандын жашыруун кызматтарынын арты менен келгендигин жана дал пакистандык аскерлер бул планды иштеп чыккандыгын эске сала кетейин. Ал эми Имран Хан процессти токтотуп турган", — деди Сариев.
*Кыргызстан, Россия жана башка мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
**Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс жана Запорожьедеги россиялык чабуулдун өзгөчөлүгү