Жапаров азербайжандык бизнесмендерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров азык-түлүк продукциясын кайра иштеп чыгуу чөйрөсү келечектүү жана кызыктуу багыт экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баку шаарында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров учурда Азербайжанда расмий сапары менен жүрөт.
Президент Азербайжандын ишкерлерине энергетика, тамак-аш өнөр жайы, инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар өңдүү багыттарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады. Ошондой эле гидроэнергетика тармагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана башка бир катар стратегиялык маанилүү чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна катышууга чакырды. Туризм жаатында Кыргызстанда эс алуу жайларын курууну да сунуштады.
Садыр Жапаров азык-түлүк продукциясын кайра иштеп чыгуу чөйрөсү келечектүү жана кызыктуу багыт экенин белгиледи.

"Өз өлкөсүнүн динамикалуу, стабилдүү жана туруктуу өнүгүүсүн жактаган мамлекет башчы катары азербайжандык бизнес-коомчулукту Кыргызстанды ишенимдүү бизнес-өнөктөш катары кароого жана аларды жигердүү кызматташууга, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам", — деди ал.

Жаңы деңгээлге чыктык. Жапаров Баку сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди