Ардак кароол, тизилген аткаминерлер. Жапаров менен Алиевдин жолуккан сүрөттөрү

Салтанаттуу иш-чарада гимндер жаңырып, ардак кароолдун ротасынын маршы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарындагы "Загулба" президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарындагы "Загулба" президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

2 / 5

Билдирмеге караганда, резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген

3 / 5

Саламдашкан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын алдынан өтүштү

4 / 5

Белгилей кетсек, мамлекет башчы Садыр Жапаров учурда расмий сапары менен Азербайжанда жүрөт

5 / 5

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин президенттер тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө багыт алышты

Билдирмеге караганда, резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Саламдашкан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын алдынан өтүштү.
"Кыргызстан менен Азербайжандын гимндери жаңыргандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң ардак кароолдун ротасынын салтанаттуу маршы болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин президенттер тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө багыт алышты", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Садыр Жапаров учурда расмий сапары менен Азербайжанда жүрөт.
Жубайы менен жетелешип... Садыр Жапаровдун Баку шаарына келген видеосу