Качкындарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканы Мария Марикяндын РИА Новости сайтына жарыяланган репортажында чагылдырылган.
"Мындайды эч ким күткөн эмес"
Жеке автомобилдердин колоннасы бир чакырымчалык бар. Украиналык аскерлер жарандык кейипте өтүп кетпеши үчүн көчүрүлүп келген ар бир киши текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Мындай жол-жобонун баары жыйынтыкталган соң айрымдары россиялык аймактарга, кээлери Донецкидеги же аталган республиканын башка калааларындагы тууган-туушкандарына жөнөйт.
"Күйөөлөрү текшерүүдөн өткөнчө аялдар бала-чакасы менен лагерге жайгаша алышат. Биздин милдет — адамдарды кабыл алып, орун берип, курсагын тойгузуу, — деп түшүндүрөт Донецк Эл Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Макеевка мамлекеттик бөлүмүнүн 12-өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн жетекчиси Сергей Штарк. — Адамдарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт. Лагерь 450 кишиге ылайыкталган. Адатта түн жарымына жакын киши көбөйүп кетет".
Чатырларда телефонду кубаттап, тууган-туушкандар менен байланышып, интернетке туташууга шарт түзүлгөн. Бирок оор убакта батырып алар тааныштар баарында эле боло бербейт.
Наталья наристеси менен лагерде бир айга чукул убакыттан бери жашоодо. Кайтар жайы жок, жашаган көп кабаттуу үй толугу менен талкаланган. "1-марттан 2-мартка оогон түн эле. Уктаганы камынып калганбыз. Капыстан учактын добушу угулду. Жан-алыбыз калбай жер төлөгө чуркадык. Кандай коркконубузду сөз менен жеткириш кыйын. Украиналыктар турак жайлардын ортосуна техникасын коюп, аткылай баштады.
Башка позицияларга жыла баштаганда жер төлөдө баш калкалаган адамдар бар экенин билип туруп көп кабаттуу үйлөргө карай ок атышты, — дейт Наталья. — Бир аз октун үнү тынып калганда эркектер чуркап чыгып, жегенге азык, суу алып келип жатышты. Бизди балдар – Донецк Эл Республикасынын жоокерлери 16-мартта табышты. Көрүп үрөйлөрү учту".
Натальянын Мариуполдо туугандары бар, алардын эмне болгону да дайынсыз, байланыш үзүлгөн. Учурда лагерден чыгууга уруксатты күтүүдө. Азырынча чатырда түнөп жатат. Ар бирине 15 кишиден жаткырылып, меш менен жылытылат. Бирок шамалдан улам баары бир суук.
"Наалыбайбыз, тескерисинче, абдан ыраазыбыз. Бизди жылуу кабыл алышты. Бир тилегибиз үйүбүзгө кайтсак болду", — деп үшкүрүнөт пенсионер Наталья Федоровна. Биринчи мартта үйүнүн жанынан снаряд жарылып, катуу жабыркаган. Жеке турак үйү бар эле, ал жакта жашаш өтө кооптуу болуп калган. "Азовчулар" коңшуларыныкына кирип келип, карыяларды сыртка чыгарып, короого миномёт сүйрөп келишкен.
"Ошол "азовчулар" менен канча жылдан бери жанаша жашап, аларды коргоочуларыбыз катары көрүп келгенбиз. Мындайды эч ким күткөн эмес. Жолдошум экөөбүз жер төлөгө түшүп, миномёттун улам дабышы чыккан сайын кыйгап өтүп жатканы үчүн Кудайга жалбарып жаттым, — деп көзүнө жаш алды биздин маектеш. — 25-мартта бизди көчүрүшмөк болушту. Бирок жолдошум келбей койду. Өзү капитан, Балтика флотунда кызмат өтөгөн. "Кемени" таштап кете албастыгын, мени күтөрүн айтты байкушум".
"Туугандардын баары калды"
Оксана менен жолдошу Мариуполдун Приморье районунан болушат. Алардын тамына да бомба түшүп, үстүндөгү үйлөрүнөн ажырап, шаардын четиндеги Моряков кыштагындагы туугандарына кетишет. Бирок ал жакка да сокку урула баштайт.
"Жыйырма бешинчи мартта 33-мектепке суу алып келишти. Адамдар жер төлөдөн чыкканда аларды аткылай башташты... Черемушка кичи району тынчыраак деп ойлоп, ал жакты көздөй жөнөдүк. Жолдо кайрадан ок атыла баштады. Бирөөнүн үйү ачык экен, ичине кирип, баш калкалап турдук. Ошол маалда ооруканадан адамдар чуркап чыгышты. Аларды көзгө атарлар бирден тере баштады. Бир эне баласын көтөрүп чыкты эле, ал да үзүлдү... Перзенти ага эңкейип алып, "апалап" катуу ыйлап жатты, — деп ыйлап кирди Оксана. — Тозоктун оозунан кайткандай эле болдук".
Жолдошу экөө 20-мартта тобокелге салып жер төлөдөн чуркап чыгышат. Бир үйдөн кийинки үйгө чейин чуркап, жашынып отуруп, Донецк Эл Республикасынын жоокерлерин кезиктиришет. Старобешево айылында текшерүүдөн өткөн соң Безыменное кыштагына жеткирилген. "Бул жакта азырынча күтүп турабыз, шаарга кайра кайтуубуз абзел, тууган-туушкандын баары ал жакта".
Ал эми Татьяна жолдошу, уулу менен Курск облусундагы туугандарыныкына кетүүгө камынууда. "Шаарыбызды аябай жакшы көрөбүз, бирок күлгө айланган жерде болочокту куруу мүмкүн эмес. Уулубуз тогузунчу класста эле, мектепти аякташы керек", — деп өз жагдайынан кеп салат ал.
Татьянанын үй-бүлөсү жер төлөдө бир айдан ашуун жашап, ошол убакыт аралыгында болгону эки ирет гана ыктыярчылардан гуманитардык жардам алган.
"Украиналык аскерлерге кайрылганбыз. Алар: "Бир нерсе керек болсо, талкаланган дүкөндөрдөн алгыла. Силерге эч ким эч нерсе алып келип бербейт" деп коюшкан, — деп алакан жаят Татьяна. — Бизди тирүү калкан катары пайдаланышты. Ал эми үстүнкү кабаттардан суроо-сопкутсуз эле үй ээлерин чыгарып жатышты. Ал жактарга көзгө атарлар жайгашкан".
"Баарына чыдоого даярбыз"
Текшерүүдөн тышкары чатыр лагеринде дагы бир кезек күтмөй бар. Түшкү тамакка кезекке турушат. Ага гречка, бир кесим нан, чай берилет.
Акыркы күндөрү бул жакка Мирный кыштагынан элди көчүрүп келишүүдө. Бул Мариуполдун жака-белиндеги конуштардын бири, жанында Ильич атындагы металлургиялык заводу бар.
"Улутчулдар жарандык кийим кие калып, арабызга киргенге аракет кылышууда. Ошондуктан эркектерге өзгөчө көзөмөл бар. Биз чыдоого даярбыз, балдарга жолтоо болгубуз жок", — дейт Григорий Сытников. Ал мурда Ильич заводунда иштеген. "Совет убагынан бери билем, жер төлөлөрдүн тереңдиги — 30 метр. Шаар ичиндеги шаар. Жанагы "азовчуларды" ал жактан чыгаруу оңой-олтоң эмес. Биз, жергиликтүү калк, муну жакшы түшүнөбүз", – дейт ал. Жакында ал 66 жашка толду. Эскирген шым, свитер жана сыйга кийчү кара булгаарыдан күрмөсү. Колунда калганы ушул.
Жанатан бери талкаланган үйү, бомбалоо маалындагы абалын сабырдуулук менен эскерип отуруп эле итин эстегенде үнү дирилдеп кетти. "Жер төлөгө түшкөнүмчө ал ордунан жылган жок. Кайтарып отурду".
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кай убак болбосун моралдык колдоого даяр. "Баары стресске кабылып, санаага батып, дүрбөлөң түшүп турат. Баарынан да балдар менен карыялар оор кабылдоодо. Ошондуктан аларга өзгөчө көңүл бөлүнгөн", — дейт Донецк Эл Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо академиясынын психологиялык камсыздоо секторунун башчысы Анна Чумак.
Безыменное айылындагы чатыр лагери — куткарылган кишилерди башка жакка которуу гана пункту. Эч жакка бара албагандар Утурумдук жайгаштыруу пунктуна кайрыла алышат. Анда кайрылгандардын саны 9,5 миңге жетти. Коргоо тармагын жөнгө салуу улуттук борборунун маалыматына ылайык, атайын операция башталгандан бери Россияга, Украина, Донецк жана Луганск эл республикаларынан 830 киши көчүрүлгөн.