Удургуткандарга жооп болсун, тынч иштетесиңерби? Жапаров элге кайрылды

Ал постун жылмайганды билдирген белги менен жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров коомчулукка кайрылып, алагды кылбай, тынч иштетесиңерби деген соболун узатты.
Бул туурасында социалдык тармакка пост жазган мамлекет башчы иш сапардан келгенден кийин атайын маек берерин билдирди. Ал учурда Азербайжанга расмий сапар менен барууга камданууда.
"Иш сапардан келгенден кийин атайын маек берейинчи. Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесиңерби, туугандар? " — деген ал кайрылуусунда.
Жаңы Ак үй. Жапаровдун маалымат катчысы элге статистика менен жооп кылды