Россияда окуучулар тарых сабагын 1-класстан баштап окумай болууда

Учурда россиялык окуучулар тарых сабагын 5-класстан кийин окуйт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россиялык мектептерде тарых сабагы биринчи класстан тарта окутула баштайт. Бул тууралуу РФтин агартуу министри Сергей Кравцев билдиргенин РИА Новости жазды.
Учурда россиялык окуучулар тарых сабагын 5-класстан кийин окуйт.
"Биз тарых сакталып калышы үчүн баарын жасайбыз. Тарыхты окутууну мектептерде 1-класстан баштоо чечимин кабыл алдым. Кеп тарыхый агартуучу сабактар жөнүндө болуп жатат. Мектеп босогосун аттагандан баштап "Айлана-чөйрө" сабагынын алкагында өзүнүн кичи мекенинин тарыхы тууралуу талкууласа, музей, көргөзмөлөргө барса болот", — деди министр.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул демилгени колдоп, акыркы чечимди адистер кабыл алышы керектигин айткан.
Россия бийлиги кээ бир чет өлкөлөр тарыхты кайра жазууга аракет кылып жатканын айтып келет. Президент Владимир Путин Москва Улуу Ата Мекендик согуштун чындыгын камсыздоо жана жасалмалоо аракеттерине каршы турууга милдеттүү экенин белгилеген.
Кеткибиз келбей калды. Ошто иштеген россиялык мугалимдердин видеосу