Президент Жапаров Азербайжанга аттанды. Коштоп кеткендердин тизмеси

Сапар учурунда саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжандын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Сапардын алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланары, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалып жатканы айтылды.
Жапаровду бир нече аткаминерлерден турган делегация коштоп кетти.
Кыргызстандын делегациясынын курамы:
Президенттин жубайы Айгүл Жапарова;
тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;
айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков;
санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
экономика министри Данияр Амангелдиев.
Садыр Жапаров эртең Азербайжанга барат. Расмий сапардын программасы