Акжол Махмудов Азия чемпионатынан алтын тагынды. Видео

Махмудов казак балбанын кармаштын экинчи бөлүгүндө көтөрүп чаап, килемден чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалында казак спортчусу Максат Ережеповду жеңип, алтын байге алды.
Чемпионат Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүдө.
Балбандар килемде 77 килограмм салмактагылар арасында кармашты. Кармаштын биринчи бөлүгүндө Ережепов бир упай алган, экинчи бөлүктө Махмудов үч упай алды. Кыргызстандык спортчу негизги упайды атаандашын көтөрүп чаап, килемден чыгарганда алды. Мелдеш 3:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
Махмудов кармашты чейрек финалдан баштаган. Алгач ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1 эсебинде утуп, жарым финалда кореялык Ким Хён У аттуу спортчуну 4:1 упай менен жеңген.
Буга чейин Азия чемпионатында 63 килограмм салмактагылар арасында Тынар Шаршенбеков чемпион болду.
Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбековдун Азия чемпионатындагы атаандаштары