Кыргызстанда долларга караганда рублге суроо-талап өскөнү айтылды

Россиялык валютага болгон суроо-талаптын өсүшү өткөн жумадан бери байкалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда рублге болгон суроо-талап долларга салыштырмалуу жогору болууда. Бул тууралуу "Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов билдиргенин "Апенди бизнесмен" Telegram каналы (Sputnik Кыргызстан агенттигинин долбоору) жазды.
Анын айтымында, мындай көрүнүш өткөн жумадан бери байкалууда.
"Учурда биз рублге болгон суроо-талаптын жогорулашын байкап жатабыз. Күйүүчү майга болгон төлөм рубль менен жүргүзүлө баштаганы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Учурда долларга эмес, рублге артыкчылык берилүүдө", — деди Рыскулов.
Ал ошондой эле суроо-талаптын канчага өскөнүн жана кандайдыр бир божомолдорду айтууга эрте экенин кошумчалады.
Улуттук банк акча которуунун эрежесин өзгөрттү