Жүрөк сокпой калат. Дарыгер детокс-программанын кесепетин эскертти

Аталган программаны сунуштагандар кардарларга организмди уулуу заттардан тазалап, арыктатууну убадалап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Организмди "тазалоого" багытталган детокс-программалар ден соолукка өтө олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосуна медицина илимдеринин доктору, диетолог Алексей Ковальков айтып берди.
Ал детоксикация же детокс деп аталган программадан өтүүнү каалагандарга ачка жүрүү жана тамак-аш кошулмаларын ичүү сунуштала турганын билдирди. Бирок аны менен иштегендер кардарларга организмди эмнеден "тазалагысы" келип жатканын так көрсөтө албайт.
"Программанын жардамы менен организмден кайсы уулуу заттарды кетирсе болорун айтып бере алышпайт. Мисалы, боор организмди өзү эле тазалайт да. Детокс ден соолукту чоң коркунучтарга кептейт. Эң ириде жүрөк токтоп калышы мүмкүн, боордун иштеши жана гормоналдык фон бузулат, дагы башка функциялар тең салмактуулугун жоготот", — деген Ковальков.
Адис эгерде организмди "тазалатпасам" болбой калды дегендер дарыгерге кайрылып кеп-кеңеш алышы керектигин кошумчалады.
Диетолог: арыктайм дегендер суу, көк чай, айран ичиши керек