БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда 500 кВт электр чубалгысы тартылууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан билдиришти.
CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда 500 кВт электр чубалгысы тартылууда
© Фото / пресс-служба ОАО "НЭСК"
Электр чубалгысынын узундугу Кыргызстандын аймагында 455,6 чакырым. Ал "Датка" көмөк чордонунан тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин жетет.
"Учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 84 атайын техника, машиналар, 44 транспорттук каражат жана 230 жумушчу тартылды. Алардын 70 пайызга жакыны жергиликтүү тургундар", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого алты курулуш базасы курулду.
CASA-1000 — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык системаларын байланыштырган ири долбоор. Ал эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоордун алкагында электр тармактарындагы комплекстер модернизацияланып, жаңы подстанциялар жана жогорку чыңалуудагы электр линиялары курулат. Бул Кыргызстан менен Тажикстанга жайында ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганистанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.