Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты. Атаандашы ким?

Спортчу чейрек финалда жана жарым финалда Иран менен Кореядан келген балбандарды жеңди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюму (UWW) жазды.
Махмудов кармашты чейрек финалдан баштады. Алгач ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1 упай эсебинде утту. Жарым финалда кореялык Ким Хён У аттуу спортчуну 4:1 упай менен жеңди.
Финалда Акжол Казакстандын балбаны Максат Ережепов менен күрөшмөкчү.
Азиянын күчтүү спортчуларын чогулткан мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жатат.
Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбековдун Азия чемпионатындагы атаандаштары