БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Баку шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, сапар Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен уюштурулууда.
Сапардын алкагында Жапаров Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара иштешүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуу да пландалууда.
Мындан тышкары, Азербайжандын ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө Кыргызстан жана соода-инвестициялык тармагында кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.
Бир катар документтерге, атап айтканда, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, ошондой эле мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.
Жээнбек Кулубаев алдыдагы сапар эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.