БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Германиянын сланец газын казуу ниети жок. Бул өлкөнүн экологиясына зыян келтире турганын айткан вице-канцлер Роберт Хабекке таянып РИА Новости жазды.
"Дал ушул себептен улам Берлин Россия газынан дароо эле баш тартып коё албайт. Эгер баш тартса, коомдук тартипке коркунуч жаралышы мүмкүн", — деди бийлик өкүлү.
Немец саясатчысы Германияда сланец газынын чоң запасы бар экенин, бирок аны өндүрүү үчүн гидравликалык жардыруу зарыл болуп турганын тактады. Анын божомолуна караганда, кенди иштетүү жана тиешелүү уруксат кагаздарын алуу үчүн бир топ жылдар талап кылынат.
"Суу ресурстары жөнүндө мыйзамга ылайык, сланец газын казып алуу өтө кыйын. Анткени бул нерсе экологияга кесепетин тийгизиши мүмкүн. Азыр бизде муну алдын ала турган ишканалар жок", — деди вице-канцлер.
Эске салсак, Украинада атайын операция башталгандан кийин немис бийлиги жакынкы келечекте Россиянын энергетика ресурстарынан көз карандылыкты азайтарын билдирген. Мисалы, ушул жылдын аягына чейин Берлин Россиядан көмүр жана мунай импорттоону токтотууну көздөп жатканын айткан. Жыл башында Германия көгүлтүр оттун дээрлик 55 пайызын Россиядан алса, учурда бул көрсөткүч 40 пайызга чейин кыскарды. Германия Катар, АКШ жана башка өлкөлөрдөн келген ресурстар Россия газына альтернатива боло алат деп эсептейт.