БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина адистерин даярдоо программаларын ишке ашырган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен кеңешме өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Кеңешмеде медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланган
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР.
Кеңешмеде медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланган.
Жыйынтыгында министр жогорку окуу жайлардын ректорлоруна 15-июнга чейин төмөнкү тапшырмаларды берди:
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү № 6 формага байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү боюнча чара көрүү;
3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөттөгү эл аралык программалык аккредитациядан өтүүнү камсыздоо;
окутуучулардын 1,75 ставкадан ашык иштешине чек койгон талаптардын аткарылышын камсыз кылуу;
профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүгү тууралуу маалыматтарды Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгына берүү;
жогорку окуу жайды клиникалык база (көп профилдүү клиника) менен камсыздоо маселесин чечүү;
алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттердин окуу акысынын өлчөмүн жылына 3000 доллардан кем эмес кылуу боюнча чара көрүү;
китепканаларды англис тилиндеги жаңы окуу китептери менен камсыздоо;
профессордук-окутуучулук курамдын белгилүү деңгээлде англис тилин милдеттүү түрдө билүүсүн камсыз кылуу.
Медициналык жогорку окуу жайлар жогоруда көрсөтүлгөн протоколдук тапшырмаларды аткарбаган учурда кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуушат.
Ушул тапта Кыргызстанда медицина адистерин даярдоо программаларын ишке ашырган 23 жогорку окуу жай иштеп жатат. Анын ичинен алтоо мамлекеттик, 17си мамлекеттик эмес окуу жайлар.