БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чийки жумуртка үндү ачууга жардам бербейт, тескерисинче, ден соолукка зыянын тийгизет. Бул тууралуу РИА Новости дарыгерлер арасында сурамжылоо жүргүзүп жазды.
"Эл арасында чийки жумуртка ичүү үнгө оң таасирин тийгизет деген пикир таралган. Ал чындыгында үндү деле ачпайт. Мисалы, жумуртканын белогуна аллергиясы бар адамдарга зыян. Ошондой эле чийки жумурткадан сальмонеллез оорусу жугушу мүмкүн", — деген адистер.
Дарыгерлер ага караганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо үндү ачууга жардам берерин айтышкан. Машыгууда кан жүгүрүп, зат алмашуу жакшырып, дем алуу жолдорундагы булчуңдар кыймылга келет.
Ошол эле учурда машыгуунун оор түрлөрү же көп күч жумшап көнүгүү аткаруу адамды чарчатып, үндүн да сапатын бузарын эскертишкен.