Жалал-Абадда бензин сакталган цистернага түшүп кеткен эки киши куткарылды

Эки эркек киши күйүүчү май сакталган кампаны текшермек болгон. Учурда абалдары туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында май куюучу жайдын алдындагы бензин сакталган цистернага түшүп кеткен 59 жана 45 жаштагы эки киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жалал-Абад шаарында май куюучу жайдын алдындагы бензин сакталган цистернага түшүп кеткен 59 жана 45 жаштагы эки киши куткарылды
Окуя кечээ кечки саат сегизде болгон. Жабыркагандар күйүүчү май сакталган кампаны текшерейин деп жатып түшүп кеткени айтылды.
Куткаруучулар аларды цистернадан газдан коргогон бет кап жана кычкылтек баллондун жардамы менен чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.
Учурда эки кишинин тең абалы туруктуу.
Радио
ӨКМ альпинисттердин коопсуздугу үчүн "Эдельвейс" аттуу куткаруучулар командасын түздү