Садыр Жапаров тендер системасынын эмнеге жоюлганын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Буга чейин өлкө башчы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койгон эле.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эмне себептен тендерди жоюу чечимин кабыл алганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, көп жылдардан бери келе жаткан бул система оң таасирин бербестен, тескерисинче, коррупциялык схемаларды түзүүгө шарт түзгөн.
"Тендер деген немеге жамынып алып, буга чейинки мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен. Адистер менен отуруп эсептесек, 650 доллардан ашпаган баада салса болот экен", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал 15-сентябрда 15 мектеп жана бир бала бакча колдонууга берилерин кошумчалады.
"Быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыктым. Мектептер жок, балдар шаарга келип окушат же жөө-жалаңдап алыскы айылдарга барышат экен. Дал ошондо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алгам. Бишкек шаарындагы жаңы конуштар мектеп менен толук камсыз болушат. Буга 1,5 миллиард сом акча бөлдүк. Учурда жалпысынан 60 миң чарчы метр курулуп жатат. Ар бир квадратынан 170 доллар айырма болгондо 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлдү", — деди президент.
Мындан тышкары, ал акча үнөмдөп сапатсыз салган компаниялар жоопко тартылып, сол чөнтөккө кеткен акчаны 100 эсе кайтарып аларын кошумчалады.
Буга чейин мамлекет башчы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койгон.
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасы жайгашкан жерде
Бир тыйын кетпейт! Садыр Жапаров жаңы "Ак үйдүн" курулушу боюнча үн катты