Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Москва Украинага курал-жарак жеткирген өлкөлөргө нота жиберди

АКШ президенти Жо Байден ушул аптада АКШ Украинага артиллерия, БТР жана тик учактарды камтыган 800 миллион долларлык жаңы аскерий жардам берерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча бардык өлкөлөргө, анын ичинде АКШга нота жөнөткөнүн тастыктады.
РИА Новости агенттиги билдиргендей, ал муну Washington Post басылмасынын аталган нота тууралуу макаласына комментарий берип жатып айтты.
"Ооба, нота жиберилди", — деди Захарова.
Кайсы өлкөлөргө жөнөтүлдү деген тактоочу суроого Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "бардык мамлекеттерге" деп жооп берди.
Эске салсак, АКШ президенти Жо Байден ушул аптада АКШ Украинага артиллерия, БТР жана тик учактарды камтыган 800 миллион долларлык жаңы аскерий жардам берерин билдирген.
Россия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде байкоочу бойдон калды