Өкмөт: БАЭ компаниясы Кыргызстанда күн станцияларын курууга даяр

Бакыт Төрөбаев чет элдиктерге өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңыланып турчу булактары боюнча долбоорлорду бирге ишке ашырууда кызматташууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Энергиянын жаңыланып турчу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган Masdar компаниясы Кыргызстан менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлдөрү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жолуккан учурда белгилүү болгонун өкмөттөн кабарлады.
Бириккен Араб Эмирлигине тиешелүү бул ишкананын өкүлдөрү Бишкек шаарына келишкен.
Төрөбаев аларга өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңыланып турчу булактары боюнча долбоорлорду бирге ишке ашырууда кызматташууга чакырды.
Ал эми компания өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.
РКӨФ "Лейлек" кичи ГЭСин курууга насыя иретинде 5,6 млн. доллар бөлдү