БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Германия көп жылдан бери АКШ менен биргеликте Украинада аскердик-биологиялык ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова RT басылмасына маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дал ушул фактордон улам Берлин "Евробиримдиктин башка мамлекеттерине салыштырмалуу Украинада биологиялык жана химиялык курал колдонуу планын Россияга оодара салууга көбүрөөк мажбур" болуп жатат.
"Такталган маалымат боюнча, Германия тарап өз ишин Украинада 30дай биолабораториядан турган түйүн түзгөн америкалык союздаштары менен биргеликте биологиялык коопсуздук жаатында ишин координациялап келген", — деди Захарова.
Ал ГФРдин расмий адамдарын Россиянын эл аралык укук тарабынан тыюу салынган курал колдонуу ниети бар деген жалган маалымат таратууну токтотууга чакырды.
Дипломаттын айтымында, мындай билдирүүлөр "украиналык неонацисттик батальондорду чагымчылык жасоого түртүп, ал эми анын моралдык жоопкерчилиги Берлинге да жүктөлөт".