Чек ара, сугат суу. Лейлектиктер облус жетекчисине көйгөйлөрүн айтышты

Жашоочулар айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү боюнча да сын пикирин айтып, облус башчысынан тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлектин жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлектин жашоочулары менен жолукту.

2 / 3

Жолугушууга жалпысынан 300дөн ашуун тургун катышкан.

3 / 3

Жашоочулар айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү боюнча да сын пикирин айтып, облус башчысынан тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Жолугушууга жалпысынан 300дөн ашуун тургун катышкан.
"Анда негизинен чек ара жана сугат суу маселеси, калктын социалдык, билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо жана башка тармактагы орчундуу көйгөйлөрү айтылды. Баткен облусуна берилген өзгөчө макамга тиешелүү суроолор жаңырды", — деп жазылган маалыматта.
Жашоочулар айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү боюнча да сын пикирин айтып, облус башчысынан тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Ыйгарым укуктуу өкүл мекеме-ишканалардын жетекчилерине калк менен тыгыз иш алып барууну тапшырганы айтылды.
Ошондой эле кат жүзүндө суроолор берилип, Алимбаев жарандарды түйшөлткөн ар бир маселеге сөзсүз жооп бериле турганын айткан.
Жалпысынан жолугушуу маалында облус башчысына 100дөн ашуун суроо берилген.
РКӨФ "Лейлек" кичи ГЭСин курууга насыя иретинде 5,6 млн. доллар бөлдү