Жаза аткаруу кызматы кинологдорун сынактан өткөрдү. Сүрөт

Байгелүү орундарды ээлеген кинологдорго диплом, баалуу белек жана акчалай сыйлыктар тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жаза аткаруу кызматы кинологдор арасында сынак уюштуруп, жеңүүчүлөрдү аныктады. Бул тууралуу ЖАКтын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Жаза аткаруу кызматы кинологдор арасында сынак уюштуруп, жеңүүчүлөрдү аныктады

2 / 4

Сынак Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 80 жылдыгына карата уюштурулган

3 / 4

Анда адистер кызматтык иттери менен биргеликте чеберчиликтерин көрсөтүп таймашкан

4 / 4

Байгелүү орундарды ээлеген кинологдорго диплом, баалуу белек жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынак Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 80 жылдыгына карата уюштурулган. Анда адистер кызматтык иттери менен биргеликте чеберчиликтерин көрсөтүп таймашкан.
"Мындай иттердин кылмышкерди табууда, объектилерди, транспорт каражаттарын, жүктөрдү текшерүүдө жана издөөдө жардамы чоң. Ошондой эле атайын операцияларды жүргүзүүгө, коргоо жана кайтаруу иштерине, тыюу салынган буюмдарды (баңгизат, курал-жарак жана башка) издөөгө көмөктөшөт", — деп белгилеген Жаза аткаруу кызматы.
Байгелүү орундарды ээлеген кинологдорго диплом, баалуу белек жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Алдыңкы үч орунду алгандар:
Куштарбек Барктабасов — 4-батальондун 11-ротасынын кызматтык иттер-адистер бөлүмүнүн инструктору, прапорщик;
Сыймык Уланбек уулу — 3-батальондун 7-ротасынын кызматтык иттер-адистер бөлүмүнүн инструктору;
Бекжан Мирдин уулу — 2-батальондун кызматтык иттер взводунун улук үйрөтүүчүсү, ефрейтор.
Элиталык спецназ. 28 жыл толгон "Скорпион" тууралуу фактылар