Табият фотографтардын көзү менен. Эл аралык сынактагы мыкты 15 сүрөт

GDT Nature Photographerof the Year 2022 сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөдөгү мыкты фотографтардын таасирленткен сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Бул жылы калыстар тобу 11 өлкөдөн 6 400 автордун жумушун карап чыккан. Сынакта гүлдөп турган дарактагы чымчыкты тартып алган 23 жаштагы Томас Хемпельманн жеңүүчү аталды.
1 / 15

Бул — сынактын 23 жаштагы жеңүүчүсү Томас Хемпельманндын эмгеги. Сүрөтчү фотосессиясы ийгиликтүү болбой, үйүнө бара жатып кокустан мамыда конуп турган чымчыкты байкап калган. Чымчык дароо учуп кетип гүлдөп турган бакка конгондо фотограф аны тартып алган

2 / 15

Штеффен Юнгдун бул эмгеги "Пейзаж" категориясында жеңүүчү аталды. Калыстар тобу сүрөтчүнүн кышында күн чыгып келе жаткан маалда жарык менен көлөкөнү туура бергенин баалаган

3 / 15

Бул Селия Куджалынын эмгеги. Ал "Сүт эмүүчүлөр" категориясында бешинчи орунду ээлеген. Сүрөттө деңиз арстанынын баласы

4 / 15

Томас Шварцтын бул эмгеги "Пейзаж" категориясында тогузунчу орунду ээлеген

5 / 15

"Кыймылда" сүрөтүнүн автору Кристиан-Дитрих Моравицке калыстар тобу "Башка жаныбарлар" категориясы боюнча эки орунду ыйгарган

6 / 15

Радомир Якубовскийдин "Толкун" деп аталган эмгеги "Жаратылыш студиясы" категориясында мыкты деп табылды

7 / 15

"Муздуу өзөн" сүрөтү Ува Хасубекке "Жаратылыш студиясы" категориясында экинчи орунду алып келген

8 / 15

Хайнц Булс коңуздардын кармашын сүрөткө тартып алган. Бул эмгек "Башка жаныбарлар" категориясында баш байгени алды

9 / 15

"Бук — 2022-жылдын багы" категориясында жеңген сүрөт. Аны Штефан Имиг тарткан.

10 / 15

Бул "гагара" деп аталган ири суу кушу. Вольфрам Рихтин бул эмгеги "Канаттуулар" категориясында жетинчи орунду ээледи

11 / 15

"Өсүмдүк жана козу карын" номинациясында мыкты аталган Феликс Вештин эмгеги

12 / 15

Кениядагы Масаи-Мара улуттук паркындагы бегемот "Сүт эмүүчүлөр" категориясында сүрөтчүгө баш байгени алып берди

13 / 15

Фраук Фуктун бул сүрөтү "Жаратылыш студиясы" категориясында төртүнчү орунду алды

14 / 15

Херманн Хирштин "Жылуулуктун суук менен кезигүүсү" деп аталган бул эмгеги да сынакта мыктылардын катарына кошулду

15 / 15

Херманн Хирш дал ушул сүрөт үчүн "Жаратылыш студиясы" категориясында калыстар тобунун белегине ээ болгон

Тема боюнча:
Апта ирмеми: деңиз жээгинде чайынган кыздан талкаланган ракетага чейин
Ажайып кооздук! Бишкекте гүлдөгөн жоогазындардын сүрөттөрү
Мобилдик аппаратка тартылган эң мыкты 14 сүрөт