Стресс болгондо тамакты кантип азайтуу керек. Дарыгердин кеңеши

Психотерапевт калориясы көп зыяндуу азыктар мээге катуу таасир эткендиктен, кайгырган адам тамактан ырахат аларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ашыкча салмагы барлардын 20-30 пайызы стресске кабылган маалда тамакты көп жеп алат. Бул адатты кантип алдын алуу керектигин Sputnik радиосуна психотерапевт Сергей Обложко айтып берди.
Калориясы көп зыяндуу азыктар мээге катуу таасир этет. Ошондуктан кайгырган адам тамактан ырахат алып, өзүн алаксытат.

"Аз жеш үчүн тынчсызданбаш керек деп айтып коюу оңой. Адам дүрбөлөңгө түшүп жатканда эч нерсени аңдай албайт, анүстүнө тамактан баш тартпайт. Ошондуктан ачууланып, стресске түшүп кеткенде пайдалуу тамак менен өзүңдү колго алган оң", — деген Обложко.

Дарыгер пектин компотун ичүүнү сунуштады. Ал курсакты көп ачырбай, ден соолукка да пайдалуу.
Жооткотуучу дары-дармек эмнеси менен кооптуу. Психиатрдын жообу