Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атып салам деп согушууга мажбурлаган. Украин аскеринин баяны видеодо

Украинанын туткундалган аскери аларды жетекчилик таштап кетип калганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Донецк Элдик Республикасында дарыланып жаткан украиналык аскер жетекчилик аларды атып салам деп коркутуп, согушууга мажбурлаганын айтып берди.
Russia Today маалымдагандай, Украина куралдуу күчтөрүнүн жоокери Мариуполдо багынып берген туткундардын бири.
"Биз согушууну каалаган эмеспиз. Эгер артка кайта турган болсок атып саларын айтышты. Муну жогорку жетекчилик айтты", — деди туткун.
Ошондой эле ал аскерлерди баары таштап кеткенин, анын ичинде башкаруу да болбой калганын белгилеген.
"Биз Мариуполдон чыгып кетели дегенбиз. Бирок кайсы жакка барууну билген жокпуз. Аларда ("Азовдордо" — ред.) тик учак эле бар. Тек гана өзүбүздүкүлөрдү алып кетебиз дешти", — деп айтып берген аскер.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполдогу алгачкы миң туткун. Украина күчтөрүнүн кыйроо башаты