Өрттөн жабыркаган "Москва" крейсери катуу шамал учурунда чөгүп кетти

Кемедеги экипаж толугу менен эвакуацияланган. Өрт чыккан менен негизги ракеталык курал жабыркаган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россиянын ракеталык "Москва" крейсеринде чыккан өрттөн аскердик курал-жарак жарылып, кеме сүйрөө учурунда чөгүп кетти. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлигине таянып РИА Новости кабарлады.
"Крейсерде өрт чыгып, мындан улам аскердик курал-жарак жарылган. Кийин жабыркаган кемени сүйрөө учурунда катуу шамал, толкун болуп, крейсер чөгүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
14-апрелге караган түнү РФтин Коргоо министрлиги "Москва" крейсеринде өрт чыгып, андан курал-жарактар жарылганын маалымдаган. Экипаж толугу менен эвакуацияланган. Кемеде өрт чыккан менен негизги ракеталык курал жабыркаган эмес.
Ракеталык "Москва" крейсери Кара деңиз флотунун флагманы болуп эсептелет. Ал Николаеводогу заводдо курулуп, ишке 1982-жылы берилген. Башында "Слава" деп аталчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын аба мейкиндигиндеги НАТО истребители эмнеге атып түшүрүлгөн жок?