Мамилени бекемдөө аракети. АКШ Кыргызстанга жаңы келишим сунуштоодо

Президенттик администрациядан АКШ менен экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча жаңы келишим болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШнын мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея менен Бишкекте жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШнын мамкатчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея менен Бишкекте жолугушту

2 / 2

Маалыматка караганда, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Маалыматка караганда, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.
"Байсалов президент Садыр Жапаров тарабынан жарандардын бакубаттуулугун, ички саясий абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, адам укугу жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди", — деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми Узра Зея АКШнын Кыргызстан менен мамилелерди чыңдоого умтуларын айтты. Ошондой эле ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирди.
Ал эми президенттик администрациядан кеп экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча келишим тууралуу болуп жатканын кошумчалашты.
Пекин Вашингтондон Тайвань менен расмий байланышты үзүүнү талап кылды