Кээ бир банктар доллар сатууга чек койду. Учурда кырдаал кандай?

Кечээ төрт банкта доллар сатууга чектөө коюлган, ал эми экөө сатпай жаткан. Бүгүнкү кырдаал кандай болуп жатат?
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы бир катар банктарда доллар сатууга коюлган чектөө сакталууда. Бул туурасында "Апенди бизнесмен" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram-каналы жазды.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-апрелде, кеминде үч банкта доллар сатууга 100, 200, 300 жана 1000 өлчөмүндө чектөө коюлган. Дагы эки банк доллар сатпай жаткан. Алардын бири евро сатуу дагы токтотулганын айткан.
Бүгүнкү мониторингдин жыйынтыгында өлкөнүн көпчүлүк банктарындагы кырдаал:
1 банк доллар сатпай жатат;
8 банкта 100дөн 2000 долларга чейин чектөө киргизилди;
1 банкта чектөө жок;
3 банкка барып керектүү сумманы жеринде такташ керек;
4 банк азырынча жооп бере элек.
Кээ бир банктар чектөөнүн суммасын көбөйткөнү белгиленди.
Доллардын курсу менен ойноп жатышабы? Улуттук банк депутатка жооп берди