Улуттук банк: кредит берүүдө доллардын үлүшү тарыхта болуп көрбөгөндөй азайды

Соңку жылдары активдер, кредиттик портфелдер, депозиттик база жана банк системасындагы капитал өсүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда доллар менен кредит алгандардын саны тарыхта болуп көрбөгөндөй азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Заманбап шартта Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүү" конференциясында билдирди.
Анын айтымында, соңку жылдары активдер, кредиттик портфелдер, депозиттик база жана банк системасындагы капитал өсүп жатат.
"2021-жылдын аягында банк секторунда кредит берүүдө доллардын үлүшү азайып, тарыхтагы эң төмөн көрсөткүчкө жетип 28 пайызды түздү. Ал эми доллар менен депозитке салуу 42 пайыздан ашты", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банктын башчысы кредитке пайыздык коюмду төмөндөтүү сыяктуу факторлор калкка жана ишканаларга насыя алуу жеткиликтүүлүгүн жогорулатканын белгиледи. Бул банктар тарабынан каржылоонун көлөмү өскөнүнө таасир эткен.
Доллардын курсу менен ойноп жатышабы? Улуттук банк депутатка жооп берди