Акжол менен Жоламан Азия чемпионатында кимдер менен күрөшөт. Тизме

Азия чемпионаты келе жаткан жумада башталат. Кыргызстандык балбандардын атаандаштары белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бириккен күрөш уюму (UWW) Монголияда боло турган күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионатынын катышуучуларынын тизмесин жарыялады.
Маанилүү спорттук мелдеш 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өтөт.
Редакция спорттук уюмдун сайтынан грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) атаандаштарын карап чыкты.
Акжол Махмудовго кез келчү спортчулар:
Кодаи Сакураба (Япония);
Саджан Бханвала (Индия);
Арам Варданян (Өзбекстан) — Дүйнө чемпионатынын жана Азия чемпионатынын байге ээси;
Ареф Хабиболлахи (Иран);
Максат Ережепов (Казакстан) — Азиянын чемпиону;
Ким Хён У (Корея) — Лондон Олимпиадасынын чемпиону, дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону;
Сулдху Олонбаяр (Монголия).
Жоламан Шаршенбеков күрөшчү атлеттер:
Гьянендера Дахия (Индия);
Аята Сузуки (Япония);
Ернар Фидахметов (Казакстан);
Мехди Сейфола Мохсен Неджад (Иран)
Ханджэ Чунг (Корея);
Балжинням Цевеенравдан (Монголия);
Фируз Тухтаев (Өзбекстан).
Монголиядагы Азия чемпионаты: Айпери Медет кызынын каршылаштары айтылды