Блинкен: АКШ Россия менен согушпаганга кызыкдар болушу керек

Буга чейин АКШнын ЖМКлары Россияга каршы киргизген санкциялары Кошмо Штаттардын өзүндө баанын өсүшүнө, экономиканын ого бетер төмөндөшүнө алып келерин жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россия менен согушуу америкалыктардын кызыкчылыгына туура келбесин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президент Жо Байден Америка элинин кызыкчылыгына туура келген гана иштерди жасашы керек. Биз Россия менен тикелей конфликтиге баргыбыз келбейт. АКШ кесепети оор боло турган масштабдуу согушка жол бербеши керек", — деди Блинкен.
Буга чейин АКШнын ЖМКлары Россияга каршы киргизген санкциялары Кошмо Штаттардын өзүндө баанын өсүшүнө, экономиканын ого бетер төмөндөшүнө алып келерин жазып чыгышкан.
Батыш санкциялары ЕАЭБге кандай таасир тийгизүүдө? Кесепетин жоюу аракети