БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына 10 000ден ашык долларды накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салууну Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап жатат. Бул туурасындагы документ министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Негиздеме-документте бул чара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугу жана финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн зарыл экендиги айтылат.
Токтом долбоорунда Кыргызстандан долларды накталай алып кетүүгө убактылуу тыюу салуу сунушталган:
1.
резидент эместерге жана чет элдик жарандарга 5 000ден ашык долларды накталай алып кетүүгө;2.
резиденттерге жана Кыргызстандын жарандарына 10 000 доллардан ашык каражатты накталай алып кетүүгө;3.
Кыргызстан жарандары жана резиденттери 10 000ден ашык накталай долларды алып чыккан учурда белгиленген лимиттен ашкан суммадан 10 пайыз өлчөмүндө төлөм (жыйым) киргизилсин.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жүктөлөрү айтылган.