Депутат: акча жок, Тыныбекова менен Махмудов Азия чемпионатына кете албай жатат

Мелдеш 21-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Монголияда боло турган Азия чемпионатына бара албай жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.
"Каражат бөлүү маселеси бүгүн чечилиши керек экен, бирок жыйынтык жок. Дал ошол Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудовдун да жолго кетчү чыгымдарына Финансы министрлиги каражат которбой жатат. Бул Финансы министрлигинде кыргыз спортун түшүнбөгөндөр отурганынан кабар берет. Алар "фонд ачып, элден акча чогултуп барбайсыңарбы" дептир. Бул эмне деген мамиле", — деп нааразы болду депутат.
Ал эми Тазабек Икрамов каражат маселеси боюнча өкмөткө бир жума мурун протоколдук тапшырма бергенин, бирок ага реакция болбой жатканын сынга алды.
Белгилей кетсек, 21-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында Азия чемпионаты өтөт. Ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандан 23 балбан катышмак.
Султанбекова: 19-майда Ошто Азия чемпионаты болмок, өкмөт каражат бербей жатат