Элчи алтын экспортун калыбына келтирүү үчүн LBMA өкүлү менен жолукту

Элчи Улан Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) аткаруучу директору Сахила Мирза менен жолугушуп, тараптар Кыргызстанга "жакшы жеткирүүчү" (Good Delivery) макамын кайтарып берүү боюнча маселенин учурдагы абалын талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Элчи Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жаткандыгын белгилеген
Элчи Жусупов "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан LBMA стандарттарына ылайык бардык талаптар аткарылып жаткандыгын белгилеген.
"Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясы башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салып, келишим түзүлдү. Кыргызстан документ боюнча алган милдеттенмелерин толук аткарууга даяр жана канадалык компаниядан дагы дал ошондой кадамды күтөт", — деди элчи.
Ал эми Сахила Мирза Кыргызстанга LBMA менен тыгыз кызматташып жаткандыгы жана аталган көйгөйдү чечүү боюнча аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстан Good Delivery тизмесинин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мындан ары да олуттуу салым кошот деп ишенем", — деди ал.
Эске салсак, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен былтыркы жылдын сентябрь айында чыгарып салган. Анда "Кыргыз алтынга" ири каражатты мыйзамсыз чыгаруу аракети, Кумтөр кенинин активдерин мыйзамсыз басып алуу боюнча айыптар коюлган.
4-апрель күнү президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн, канадалык компания менен бардык маселелер чечилгенин жар салган.
Мирзиёев Жапаровду “Кумтөрдү” Кыргызстандын менчигине алышы менен куттуктады