Кыргызстандын айрым банктары доллар сатпай калса, кээ бирлери чектөө киргизди

Саат 15:51деги маалымат боюнча, доллардын сатып алуу курсу 84 сомдон 85,5 сомго чейин, сатуу 85-86 сомго чейин болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы бир катар банктар долларды такыр эле сатпай калса, айрымдары чектөө койду. Бул тууралуу "Апенди бизнесмен" Telegram-каналы жазып чыкты.
Мисалы, төрт банкта 100, 200, 300 же 1000 доллардан гана сатылууда. Ал эми эки банк доллар сатпаганын айтса, алардын бири еврону дагы алмаштырууну токтотконун кошумчалады.
Мындан тышкары, бир нече банк чет элдик валютанын бар-жогун жеринен тактоо керек экенин айтты. Анткен менен доллар алмаштырууга эч бир чектөө жок экенин айткан банктар дагы жок эмес.
Саат 15:51деги маалымат боюнча, доллардын сатып алуу курсу 84 сомдон 85,5 сомго чейин, сатуу 85-86 сомго чейин болууда.
Доллардын курсу менен ойноп жатышабы? Улуттук банк депутатка жооп берди