Бишкекте беш суу кампасын оңдоп-түзөө пландалууда. График

Муниципалитет мындай иштер жылына эки ирет жасаларын айтып, бул учурда муздак суу берүү токтотуларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 19-апрелден тарта "Бишкек суу канал" башкармалыгынын суу кампаларында оңдоп-түзөө, профилактикалык иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет мындай иштер жылына эки ирет жасаларын айтып, бул учурда муздак суу берүү токтотуларын эскертти.
Жайга даярдануу үчүн суу кампаларынын ишин убактылуу токтотуунун план-графиги:
19-апрель. "Гагарин" суу кампасы;
19-апрель. "Түштүк-Батыш" суу кампасы;
21-апрель. "Батыш-2" суу кампасы;
26-апрель. "Батыш" суу кампасы;
28-апрель. "Башкара-Суу" суу кампасы.
Оңдоп-түзөө иштери иш күндөрү жасалары айтылды. "Бишкек суу каналы" ишканасы шаар тургундарына сууну көбүрөөк белендеп алууну сунуштады. Райондордо муздак суу өчүрүлөрү тууралуу кошумча маалымат берилет.
Бишкектин бир катар жолдору оңдолуп, тротуарлар салынат. Тизме