Ажайып кооз! Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү. Сүрөт

Бул жылы апрелде былтыркыга караганда күн ысык болгондуктан Айгүл бир жума эрте гүлдөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Баткен облусундагы "Айгүл тоо" ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлүн ачты.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул жылы апрелде былтыркыга караганда күн ысык болгондуктан Айгүл бир жума эрте гүлдөдү.
Баткен облусундагы "Айгүл тоо" ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлүн ачты
Айгүл гүлү март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинен баштап гүлдөйт. Кырк күн өткөндөн кийин гүлүн таштайт.
Айгүл гүлү март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинен баштап гүлдөйт
Сейрек кездешкен гүл уругунан өсүп чыккан соң 7-8 жылдан кийин гана гүлүн ачат. Ошондуктан токой кызматкерлери гүлдү көрүү үчүн келген туристтерге ага тийбөөнү эскертишет.
Кырк күн өткөндөн кийин гүлүн таштайт
Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — Эдуард чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет. Баткендин аймагынан башка Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгышында жана Афганистанда өсөт.
Ажайып кооздук! Бишкекте гүлдөгөн жоогазындардын сүрөттөрү