Депутаттардын чуусунан кийин Азия чемпионатына барчу балбандарга акча которулду

Бүгүн парламентте айрым депутаттар спортчулардын жолго кетүүчү чыгымдарына каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Финансы министрлиги Монголияда өтө турчу Азия чемпионатына кыргызстандык балбандардын катышуусу үчүн каражат бөлдү. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн парламентте бир катар депутаттар спортчулардын жолго кетүүчү чыгымдарына каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болушкан. Эл өкүлү Шайлообек Атазов Финансы министрлигиндеги кызматкерлер элден акча чогултуп барууну сунуштаганын айткан.
“Бүгүн түштө күрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган Кыргызстандын делегациясы үчүн керектүү сумма которулду. Маселе чечилди десек болот. Биздин департамент каражат бөлүүнү сурап бир ай мурда кайрылган болчу. Улуттук курама команда 16-апрель күнү учуп кетет”, — деп билдиришти маалымат кызматтан.
Белгилей кетсек, 21-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында Азия чемпионаты өтөт. Ага грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандан 23 балбан катышат.
Султанбекова: 19-майда Ошто Азия чемпионаты болмок, өкмөт каражат бербей жатат