Австриядагы элчи Макеев советтик жоокердин эстелигине гүлчамбар койду. Сүрөт

Венаны Гитлердин аскерлеринен бошотуу операциясында курман болгон советтик жоокерлердин эстелиги Шварценбергплац аянтында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Австриянын борбор шаарын Советтик Армия бошоткондугунун 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага кыргызстандык дипломаттар катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Австриянын борбор шаарын Советтик Армия бошоткондугунун 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага кыргызстандык дипломаттар катышты

2 / 2

Өлкөнүн Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев менен Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Венадагы Шварценберг аянтында советтик жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшкан.

Өлкөнүн Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев менен Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Венадагы Шварценберг аянтында советтик жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшкан.
Салтанаттуу аземге КМШга мүчө бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери да катышканы айтылды.
Венаны Гитлердин аскерлеринен бошотуу операциясы 1945-жылдын 5-апрелинен 13-апрелине чейин созулган. Курман болгон советтик жоокерлердин эстелиги Шварценбергплац аянтында жайгашкан.
Элчи алтын экспортун калыбына келтирүү үчүн LBMA өкүлү менен жолукту