АКШда Россия доллардын үстөмдүгү жок "аалам" түзө алганын моюндашты

АКШлык ЖМКнын пикиринде, Москва Батыш менен мамилесин үзүүгө 21-кылымдын башынан бери даярданып келген. Бул максатта Азия, Африка жана Латын Америкасынын колдоосу үчүн бир топ убакыт жана акча короткон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия акырындык менен доллардын үстөмдүгү жок жана АКШ башкаларга буйрук бере албаган альтернативалуу "ааламды" түзө алды. Бул тууралуу American Thinker басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун пикиринде, Москва Батыш менен мамилесин үзүүгө 21-кылымдын башынан бери даярданып келген. Бул максатта Азия, Африка жана Латын Америкасынын колдоосу үчүн бир топ убакыт жана акча короткон.
"Россия континенттердин борбору болгон Бразилия, Түштүк Африка, Кытай жана Индияга инвестиция салуу менен аймактарды колго алып койгон. Мындан улам АКШ жарыялап жаткан санкцияларды бул мамлекеттер колдобой жатат", — деп жазылган макалада.
Башкача айтканда, Россия Кытай жана Индия менен жакшы мамиледе болуп, ири экономикалары долларга байланган Батышка каршы чыгууга жетишерлик күчтүү альянс түзө алды.
"АКШ өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен мамиле курган учурда дагы боорукер, бирок таптакыр башка ааламдан келген бейтааныштай көрүнчү. Ал эми Россия аларга теңата мамиле түзө алды окшойт. Балким, ушундан улам англис тилдүү дүйнө Россияны толугу менен агрессор катары кабыл албай жаткандыр. Россиядан чыгарып салынган уюмдардын баары өз ара кыжырданып, азыркы БРИКС сыяктуу блоктордун пайда болушуна алып келди", — деди автор.
Ошондой эле макалада БРИКС өлкөлөрү МИНТ (Мексика, Индонезия, Нигерия жана Түркия) деп аталып, өнүгүп келе жаткан экономиканы колдойт деген ой айтылды.
Европанын үч өлкөсү Россиянын газын алууга салынган тыюуга каршы чыкты