Басып алынган жерлер кантип мыйзамдаштырылууда? Адистер менен маек

Президент 5-апрелде "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документке ылайык, мыйзамсыз курулуштар түшүрүлгөн 30 миң гектар жер документтештирилет.
Sputnik
Негизги максат — республиканын аймагында жерлерди өзү билемдик менен ээлеп алууну алдын алуу жана болтурбоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо. Жерди табигый объект, Кыргызстан элинин жашоо-тиричилигинин, өнүгүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн негизи катары коргоо.
Sputnik Кыргызстандын редакциясында Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча кызматынын директорунун орун басары Асылбек Сатывалдиев жана Чүй облусунун Сокулук районунун администрация башчысынын биринчи орун басары Капар Адиев келип отурат.
— Президент "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документке ылайык, мыйзамсыз курулуштар түшүрүлгөн 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылат. Эми жалпы иш процессинин абалы тууралуу кенен маалымат берсеңиздер?
Асылбек Сатывалдиев: — Бул мыйзам долбооруна кол коюу маселеси Садыр Жапаров Сокулук районуна барып элдин көйгөйү менен таанышып келгенден соң келип чыккан. Ошондон кийин министрлер кабинетинин төрагасынын алдында чоң жыйын болуп, көйгөйдү чечүү үчүн жол картасы түзүлгөн. Анын негизинде атайын мыйзам кабыл алынып, ал Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, министрлер кабинетинен бекип, бүгүнкү күндө президент кол коюп берип жатат. Аталган документке ылайык, 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылат.
Жер ресурстары боюнча кызматынын директорунун орун басары Асылбек Сатывалдиев: мыйзам долбооруна кол коюу маселеси Садыр Жапаров Сокулук районуна барып элдин көйгөйү менен таанышып келгенден соң келип чыккан.
Мунапыс беш объектиге багытталган. Алар өз алдынча уруксатсыз курулган үйлөр, 2009-жылга чейин трансформация жөнүндө чечими барлар, айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз жерлер, жер үлүштөрү, айыл чарба багытындагы мамлекеттик актысы бар 10-15 сотыхка бөлүнүп кеткен жер тилкелер жана багбанчылык дача тибиндеги жер тилкелери.
Азыр дачада турган жарандар да балдарын бала бакчага берип, мектепке окута албай жана ооруканага көрүнө албай кыйналышат. Биз ушул көйгөйдү чечүү жагын карадык.
— Капар Абдужалович, сиздердин райондо трансформацияга байланыштуу кандай көйгөйлөр бар? Дегеле өзү билемдик менен жер басып алуу кайдан келип чыккан?
Капар Адиев: — Бул биздин райондо 2005-жылдан бери келе жаткан көйгөй. Жер маселеси убагында чечилбегендиктен эл айыл чарба жерлерин басып алып, өздөрү үй куруп баштаган экен. Ошондой жол менен 2009-жылы киргизилген мораторийге карабай сугат жерлерге там салынып кеткен. Президенттин тапшырмасы менен 2021-жылдын 1-декабрынан тарта мыйзамдаштыруу иштери башталып, эми аягына чыгайын деп калды.
Сокулук районунун администрация башчысынын биринчи орун басары Капар Адиев: жер маселеси убагында чечилбей эл айыл чарба жерлерине үй куруп баштаган экен. 2009-жылы киргизилген мораторийге карабай сугат жерлерге там салынып кеткен.
— Бул эми оңой эмес процедура да. Бир жер тилкесине эки киши ээлик кылган да учурлар бар. Бул жагын кандай чечип жатасыздар?
К.А.: — Жогоруда айткандай, жол картасында баары камтылган. Тийиштүү кызматтарга тапшырма берилген. Биз, биринчиден, жалпы аянтты такташыбыз керек болду. Ал үчүн Райондук архитектура башкармалыгы, кадастр мекемеси жеринен тактоо иштерин жасады. Ар бир көчө, контур жана үйдүн топографиялык изилдөөсүн жүргүзүп, анын негизинде шаар куруу карталарын чийдик. Эми алдыда жер тилкесинин, курулган үйлөрдүн ээсин аныктоо маселеси турат. Буга 2022-жылдын 10-февралына чейин мөөнөт берилген. Ушул жагы абдан кыйын маселе. Анткени баарынын эле укуктук тастыктоочу документтери жок. Бул иш айыл өкмөткө тапшырылган. Бирок жердин чыныгы ээсин аныктоо үчүн бардык кыйыр далилдерди колдонууга туура келди. Биринчиден, коңшулардын, квартал башчыларынын маалыматтары, коммуналдык кызматтарга төлөнгөн квитанциялар да эске алынды. Ошондой эле колунда ишеним кагазы, мамлекеттик актысы, кандайдыр бир чечими болсо, ушунун баарын эске алып негиз катары бир тизме түздүк. 10-марттан баштап айыл өкмөттөр бул тизмелерди коомдук таанышууга койду. Анда кандайдыр бир тактык болбосо же аты-жөнү туура эмес жазылып калса айыл өкмөткө же райондук комиссияга кайрылмайынча чечим чыкпайт. Эң өкүнүчтүүсү, учурдан пайдаланып шылуундар бир жер тилкесин алдоо жолу менен эки-үч кишиге сатып жиберген учурлар да бар экен.
— Турак жайлардын ээлерине документ берүүдө акча-тыйын талап кылынабы?
К.А.: — Эч кандай акча бербеш керек. Ушул процедура менен мыйзам күчүнө кирген соң айыл өкмөтү биринчи чечимди чыгарат. Анын негизинде кадастр мекемесине арыз менен кайрылса, алар менчик укугун каттап, мамлекеттик акт берет. Буга чейин берилип калган кандайдыр бир документи болсо анын баары жокко чыгарылып, нөлдөн башталат. Ал эми талаш жер тилкелерин укук коргоо органдары карап, чечип бериши керек. Ошондон кийин гана айыл өкмөтүнөн жыйынтык чыгат. Ага чейин аларга жер тилкесине ээлик кылуу боюнча документ берүү мүмкүн эмес.
— Булардын арасында Чүй облусуна же Бишкек шаарына караары али белгисиз жаңы конуштар да бар. Жалпы 44 жаңы конуштагы алты миңден ашык үй мыйзамсыз курулса, анын үч миңге жакыны (2 793) такыр эле санитардык нормага туура келбеси айтылган. Маселени кантип чечип жатасыздар?
А.С.: — Мыйзамдын тегерегинде иштерди аткарууда бизде көйгөйлүү маселелер да чыгууда. Дордой конушу жакта газ түтүктөрү өткөн жерлерге, жолго жана таштандынын жанына курулуп калган үйлөр бар. Кыскасы, адамдын жашоосуна туура келбеген шартта салынган турак жайларды министрлер кабинетинин төрагасынын чечиминин негизинде 2-айлампада карап берели деп жатабыз. Бул жол картасында көрсөтүлгөн. Ар бир райондон эсептеп келгенде 2000 гектарга чейин ушундай көйгөйлүү жер тилкелери бар. Анын кандайча чечилерин алдын ала айта албайм. Мында элди башка жерге көчүрүү же газ түтүктөрүн айлантып алып кетүү жагы каралат.
Асылбек Сатывалдиев: Ар бир райондон эсептеп келгенде 2000 гектарга чейин ушундай көйгөйлүү жер тилкелери бар
— Бишкектин Ахунбаев жана Гагарин көчөлөрү Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барып такалат эмеспи. Бул көчөлөрдү Сокулукка чейин дагы узартабыз дешти эле...
К.А.: — Ак-Ордо конушунан жалпы 965 гектар жерди тактаганбыз. Ал жерде 15 миң курулуш бар. Мыйзамдуу болсо башкы план менен курулушу керек эле, мында көп турак жайлар башаламан курула берген. Көчөлөрдүн ортосуна үйлөр салынып калган. Документ берүүдө минималдуу болсо да башкы пландын талаптары аткарылышы керек. Жолдору кээ бир жерде беш же сегиз метр болуп кууш тартып кеткен. Булар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эл жашаган соң кооптуулук жаралбашы керек. Анткени өрт өчүрүү, тез жардам машиналары конушка кенен кирип-чыгып, окуучулар, жүргүнчүлөр жол боюнда эркин басып өтүшү зарыл. Ошол үчүн кээ бир турак жайлар алынат.
— Чиеленишкен маселелер көп. Айрым жер тилке ээлеринин эч кандай келишим кагазы жок, сиз айткандай, коммуналдык тейлөөлөр боюнча квитанцияга ээ эмес же турак жай сала элек болсо, бул жагы кандай чечилет? Ушундай жерлер да талашка түшүп жаткан экен...
К.А.: — Жер сатып алууда жазып берген кол каты, ишеним кагазы юридикалык жактан таанылбайт, күчү жок. Талашкан эки тарап өз ара чечишип алса жакшы. Ага да болбосо, Жер кодексинин 119-беренесинде жазылгандай, мындай маселелерди бир гана сот органдары чечип бере алат.
— Ак-Ордо жаңы конушу азырынча Сокулук районуна карап турат. Ак-Ордо-3 жаңы конушунда мектеп, бейтапкана, бала бакча өңдүү социалдык объектилерди куруп берүүнү мамлекет башчысы убада кылды эле...
К.А.: — Бул боюнча президенттин тапшырмасы бар. Бүгүнкү күндө Ак-Ордо-3 жаңы конуш калкынын социалдык объектилер боюнча маселесин чечүү үчүн 18 гектар аянт трансформацияланды. Бул маселе бир айда эле чечилди. Аталган аянтка 750 орундуу үч мектеп, 280 орундуу үч бала бакча, 100 койка стационары менен бейтапкана, сейил бактар, спорт аянтчасы жана жеңил өнөр жайынан бирди куруп берүү каралган. Булардын долбоору, эскиздери даярдалып, аны министрлер кабинети менен макулдашып жатабыз. Бир бөлүгүн республикалык бюджеттин эсебинен быйыл бүткөрүп берүүгө өкмөт даярданып жатат. Ошону менен бирге эле сырттан келген инвесторлорго да долбоорлорун сунуштаганбыз. Буюрса быйыл ушул иштердин баарын аягына чыгаруу оюбузда бар. Ошону менен бирге эле негизги чоң көчөлөргө асфальт төшөп берүү боюнча элдин талабы болгон эле. Азыр ошол иштерди жасап, Элмирбек Иманалиев (2,5 км) жана Зайырбек Ажыматов (1,5 км) атындагы эки көчөгө жалпы төрт чакырым асфальт төшөө алдында турабыз. Быйылкы жылдын акырына чейин трансформациялоо иштери толугу менен аяктап, эл документин колуна алып калат. Бул жерде сот иштери гана колду кармап жатат.
Жапаров жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга каршы жарлыкка кол койду
— Бул мыйзам долбоору республиканын кайсы аймагын камтыйт? Анткени алыскы аймактарда деле трансформация болбогон калктуу конуштар жана менчикке өтүп кеткен социалдык объектилер бар эмеспи?
А.С.: — Аталган мыйзам менчиктешип кеткен жерлерге жайылтылбайт. Президенттин талабы — мыйзамсыз курулган калктуу конуштардын көйгөйүн чечүү.
— Алыскы райондордун айрым айыл өкмөттөрүндө сугат жерлер турак жай курууга берилип кеткен. Буларга да мыйзам долбоору жайылтылбайбы?
А.С.: — Мурда айылды кеңейтүү үчүн айыл четиндеги айдоо жерлери, төмөнкү жайыттар үй курууга берилип кеткен. Мунун баары ушул мыйзамдын негизинде трансформацияланат.
— Учурда сугат жерлерине өзү билемдик менен турак жай салууга бөгөт коюлбадыбы. Кыргызстанда ички миграция абдан күч жана үйгө муктаж жарандар да арбын. Бирок Бишкектин чекесинде жер басып алуу дагы деле уланып жатканын айтышууда. Бул жагынан кабарыңыздар барбы?
А.С.: — Мурункуга караганда бул катуу көзөмөлдө турган маселе. Азыркы мунапыс мыйзам долбоорунун негизинде үч-төрт мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат. Муну менен катар Жазык кодекси да күчөтүлүүдө.
К.А.: — 2021-жылдын 1-декабрынан баштап, жол картасын бекиткенден бери, "жерлерди басып алып үй салууга тыюу салынсын" деп укук коргоо органдарына, администрацияга жана ошондой эле айыл өкмөттөргө катуу тапшырма берилген. Ошонун алкагында Сокулук райондук ИИБде жер сатуу боюнча он адам камалды. Эми ишти сот карайт. Жазык кодексинин 207-беренесине өзгөртүү киргизилип, жер басып алуучуларга 6-даражадагы (5 жылдан 7 жылга чейин) эркинен ажыратуу каралган.
Капар Адиев: Жер сатып алууда жазып берген кол каты, ишеним кагазы юридикалык жактан таанылбайт, күчү жок. Талашкан эки тарап өз ара чечишип алса жакшы. Болбосо сот аркылуу чечилет
— Ушунча жылдан бери жер сатуу боюнча мыйзамсыз иштер кандайча ишке ашып келген? Же шылуундарга жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары да аралашканбы?
А.С.: — Жергиликтүү бийлик аралашкан дегенден алыспыз. Мунун баары так кантип ишке ашканын деле айтуу кыйын го. Бирок жер сатуучу "менин 10 сотых жерим бар, сатайын дедим эле" деп барып бирөөгө көргөзөт. Ошентип жарым баасына жерлерди сатып, бирден ишеним кагазын кармата берген.
— Муну коркпой ишке ашырганына эмне себеп болду деп ойлойсуздар? Бир жер тилкесине эки кишиге токтом чыгарып берип койгон айыл өкмөттөр да бар экен...
К.А.: — Жерге байланышкан мыйзамдардын кемчилиги да болуп жатат. Мисалы, ошол эле жерди сатууда мамлекеттик каттоо кызматтары айыл чарба багытындагы жерлерге 4 сотыхтан мамлекеттик акт каттап берип койгон учурлар бар. Көпчүлүк айдоо, сугат жерлер үлүш катары берилген. Бул жакка үй салууга болбойт. Анын ээлеринин колунда көк китеби бар. Алар бир гектарды 16-17 тилкеге бөлүп туруп сатып салышкан. Бул жагы мыйзамда так каралган эмес. Ошол себептен 2016-жылы мыйзамга өзгөртүү кирип, "беш гектардан аянты аз жерлер бөлүнүп сатылбасын" деп так жазылган. Азыр мурункудай бөлүп сата албайт.
— Негизи кызыл китеп канча сотыхтан өйдө берилет?
— Буга өкмөттүн токтому бар, мында жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөттөрү үй салууга берилген жер тилкелерин өздөрү аныктап бекитет. Борбордон алыс, жери кенен райондор 8-10 сотыхка чейин бөлүп беришет. Новопавловка айыл өкмөтүндө төрт сотыхтан өйдө. Эгерде менчик ээси катары катталса, аны бөлүп сатууга укугу болот.
Миңдеген гектар жер кантип трансформацияланат. Күчүнө кирген жаңы мыйзам