500 миң гектар жайытты ижарага берүү мыйзам долбоору кайра артка кайтарылды

Кээ бир депутаттар асылдуулугу жогору жайыттар да менчиктештирилип кетет деген кооптонуусун билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү 500 миң гектар кунарсыз жайытты жеке тараптарга ижарага берүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда артка кайтарылды.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары аталган демилгени карап, кээ бирлери мында коррупциялык элементтер бар экенинен шек санашты. Султанбай Айжигитов, Шайлообек Атазов бул мыйзамга көпчүлүк каршы чыгып жатканын айтып, асылдуулугу жогору жайыттар менчиктештирилип кетет деген кооптонуусун билдиришти.
Мындан улам мыйзам долбоору кайрадан экинчи окуу режимине кайтарылды.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште арыктап кеткен 500 миң гектар жайытты өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып, 17-март күнү биринчи окуудан өткөн. Демилгелеген Айыл чарба министрлиги бул жерлердин түшүмдүүлүгү 0,8 гана пайыз экенин айтып, экономикалык пайдасы нөлгө барабар деп жатат.
Андыктан бул жайыттарды фермерлерге айыл чарба багытында колдонууга берүү сунушталган. Министрлик мунун артынан дыйкандар дагы, өлкө экономикасы дагы утушта болоруна ишендирүүдө.
Негиздемеде айтылгандай, эгер бул долбоор кабыл алынып калса, арыктап кеткен жайыттар айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна өткөрүлөт. Аны кимдир бирөөгө колдонууга берүү тартибин министрлер кабинети аныктайт.
Ал эми эл арасында бул демилгени колдогондор да, каршы чыккандар да бар. Эки тараптын жүйөсү бул материалда чагылдырылган.
Жайыттар боюнча жаңы мыйзам долбоору чатактын башы болушу мүмкүн. Маек