Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Украинанын чечим кабыл алуу борборлорун кандай учурда жок кыларын эскертти

Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, Украинанын аскерлеринде Россиядагы объектилерге диверсия жана чабуул жасоо аракеттери болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россия өз аймагында объектилерге сокку урууга аракет кылынса Украинанын, анын ичинде Киевдеги чечимдерди кабыл алуу борборлоруна сокку урарын эскертти.
Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, Украинанын аскерлеринде Россиядагы объектилерге диверсия жана чабуул жасоо аракеттери болуп жатат.
“Эгер мындай иштер улана берсе, анда Россиянын куралдуу күчтөрү чечим кабыл алуу борборлоруна, анын ичинде орус армиясы азырынча карманган Киевге сокку урат”, — деп эскертти Конашенков.
Ал ошондой эле Мариуполь шаарында деңиз соода порту фашисттик “Азов” түзүмүнүн согушкерлеринен толук бошотулганын билдирди. Порттогу кемелерде барымтага алынгандардын бардыгы, анын ичинде чет элдик кемелер бошотулду. Шаарда жайгашкан Украина аскерлеринин жана “Азов” бөлүкчөлөрүнүн калдыктары тосулганы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп