Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан жерден күчтөрүн алып кетүүдө

Саат 24.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал бир саат мурункуга салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. – Sputnik. Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Чек ара аскерлигинин Согдий облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Хикматулло Пираков сүйлөшүп жатат.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биринчилерден болуп кошумча күч менен каражаттарды чыңалып турган жерден алып кетүү чечими кабыл алынды. Учурда тараптар чатак чыккан жерден каражаттарын алууда", — деп айтылат маалыматта.

Саат 24.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал бир саат мурункуга салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Эки тараптын чек ара делегациялары сүйлөшүүлөрдү "Овчи-Калача-автожол" (РТ) өткөрүү жайында улантып жатышат.
Баткенде учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Тажик тарап ок чыгарган айылдардын тургундары үйлөрүн таштап кетүүдө