Sputnik Кыргызстан агенттиги сообу миң айга тете делген түндү кантип туура өткөрүп, эмнелерден оолак болуу керектигин диний адистерден сурап көрдү.
Изги тилек айтылчу түн. Кадыр түндү адам жалгыз тоссо болот. Ал түнү мусулман обочолонуп түнү бою куран, намаз окуп, зикир чалып, өз алдынча Жараткандан каалоо-тилектеринин орундалышын сурай алат. Ошондой эле эл-жерге тынчтык, молчулук тилесе да болот.
Ушактан оолак болгон жакшы. Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылып келет. Андыктан бул түндү инсан жакындары менен болушунча пайдалуу амалдарды аткарып өткөрүүгө аракет кылуусу керек.
Ооз бекиткенге чейин уктабай... Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жок дегенде ооз жапканга чейин дуба кылып, эртең мененки намазды окуп уктаса болот.
Шерине болуп кетпеш керек. Мусулман адам ал түнү дүйнө сөзүн сүйлөп, жакындарын чогултуп алып шаан-шөкөт, ыр-тамаша менен өткөрүүгө болбойт. Андан көрө адам өзүн болушунча ибадатка арнап, жашоодо басып өткөн жолуна, буга чейин кылган иштерине, келечегине саресеп салганы жакшы.
Түн интернетте өтүп кетпесин. Кадыр түндү мусулман өз ылайыгына карап үйдө же мечитте жаамат менен тосо алат. Үйдө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиялык мааниси бар тасмаларды көргөнгө уруксат. Ал эми интернетте пайдасыз нерселерди көрүп убакытты өткөрүп, анан саарлыкта тамак ичип жатып алганы туура эмес болуп калат.
Жакындашпайт. Бул түнү адам таза болуп, жакшы тилектерди тилеп өткөрөт. Диний аалымдар мусулмандарды ал түнү жыныстык катнашка баруудан алыс болууга чакырат.