Доллардын курсу түштөн кийин кескин төмөндөдү

Бүгүн эртең менен АКШ валютасынын курсу эки сомго жогору болуп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу түштөн кийин эки сомго төмөндөдү. Бул туурасында Valuta.kg сайтында маалымдалат.
Бүгүн эртең менен долларды 86,1 сомдон сатып алып, 87,1 сомдон сатып жаткан. Ал эми саат 16:00гө карата акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда АКШ валютасын сатып алуу 84 сом, сатуу 85 сомдон болууда.
Мигранттар январь-февралда Кыргызстанга рекорддук суммада акча которду