Бишкекте дуатлон мелдеши өтүп, эки көчө жабылат

Шаар жетекчилиги ыңгайсыздыктар үчүн айдоочулардан кечирим сурап, өз маршрутун алдын ала пландап алууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 17-апрель күнү Бишкекте спорттун дуатлон түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Мындан улам эки көчөдө кыймыл убактылуу чектелерин мэриядан билдиришти.
Иш-чара шаардын түштүк тарабындагы "Ынтымак" сейил багында болот деп пландалгандыктан, Масалиев көчөсү менен Айтматов прокпекти жабылат.
Тагыраагы, мелдештин велосипед тебүү этабын өткөрүп алуу үчүн саат 7:10дон 12:30га чейин Масалиев көчөсүнүн батыш тарабы (Айтматов проспектинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин), ошондой эле Токтоналиев көчөсүнүн Безымяннаядан Масалиевге чейинки бөлүгүндө жол жабылат. Масалиев көчөсүнүн чыгыш тарабы батышты көздөй бара жаткан автоунаалар үчүн гана ачык болот.
Шаар жетекчилиги ыңгайсыздыктар үчүн айдоочулардан кечирим сурап, өз маршрутун алдын ала пландап алууга чакырат.
Архитекторлор Бишкек курантынын тегерегин жакшыртууну сунуштады. Эскиздер